УКМК башчысы: Атайын кызматтардын, ИИМдин жана прокуратуранын ортосунда эч кандай тирешүү жок, катарларды биргелешип тазалоо жүрүп жатат
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков укук коргоо органдарын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча масштабдуу кампанияга байланыштуу расмий түшүндүрмө берди. Ал күч түзүмдөрү биргелешип иштеп жатканын жана бул процессти ведомстволор аралык тирешүү катары көрсөтүүгө болгон ар кандай аракеттерге бөгөт коюларын баса белгиледи.
УКМК башчысы күч түзүмдөрүнүн ортосундагы пикир келишпестиктер тууралуу имиштерди кескин четке какты. Анын айтымында, атайын кызматтардын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана прокуратура органдарынын ортосунда эч кандай тирешүү жок жана болушу да мүмкүн эмес.
«Жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды бир ведомствонун башкасына каршы күрөшү катары көрсөтүү аракеттери таптакыр негизсиз жана чындыкка дал келбейт. Сөз ведомстволор аралык күрөш жөнүндө эмес, тутумду абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча биргелешкен иштер тууралуу болуп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.
Бул координацияланган иштин башкы максаты — тутумду алсыратуу эмес, тескерисинче, мыйзамдуулукту, тартипти бекемдөө жана жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишенимин жогорулатуу болуп саналат.
Масштабдуу тазалоо иштери президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттердин алкагында жүргүзүлүүдө. Өлкө жетекчилигинин позициясы так жана өзгөрүүсүз: укук коргоо органдары жалаң гана элге, мамлекетке жана Мыйзамга кызмат кылууга милдеттүү.
Коррупция, ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу, криминалды калкалоо жана кызмат абалын жеке максатта колдонуу сыяктуу ар кандай фактыларга эң катаал укуктук баа берилет.
УКМК төрагасы эгерде мыйзам бузулган болсо, эч бир ведомство өз кызматкерлерин калкалабай турганын эскертти:
- Мыйзам баары үчүн бирдей.
- Мыйзам бузуучу ээлеген кызматына карабастан жоопкерчиликке тартылат.
- Бул иш бир жолку эмес, туруктуу жана максаттуу мүнөзгө ээ.
Билдирүүдө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү өз милдетин ак ниет жана таза аткарып жатканы баса белгиленет. Дал ошолордун кызыкчылыктарын жана форманын (мундирдин) намысын коргоо үчүн мамлекет кызматтын аброюна шек келтиргендерден арылууга милдеттүү.
Сөзүнүн аягында УКМК башчысы укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине эскертүү менен кайрылды: өз ыйгарым укуктарын керт башынын пайдасы же мыйзамсыз максаттар үчүн колдонгондор сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылат.