Көк бөрүчүлөрдүн аттарын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жеткирүү үчүн унаа изделет

Көк бөрүчүлөрдүн аттарын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жеткирүү үчүн унаа изделет

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн улуттук курама команданын мүчөлөрүн жана аттарды Астанага алып барып келүү үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу «Акчабар» жазды.

Ал үчүн дирекция 11,3 миллион сом сарптамакчы. Ал акчага көк бөрү, эр эңиш, чабыш жана башка улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге катышуулардын коопсуздук камсыздоо менен Казакстанга жеткирүү талабы коюлат.

Улуттук курама өзү менен бирге малга керектүү тоютту дагы алып кетмекчи.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция жарыяны 20-августта гана Мамлекеттик сатып алуу порталына жайгаштырып, арыздар 26-августка чейин кабыл алат.

Көчмөндөр оюну 8-14-сентябрда Казакстандын борбору Астанада өтөт.

Астанадагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катыша турган көк бөрүчүлөр аныкталды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>