Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Отуз-Адырдан мал уурдап жүргөндөр колго түштү
30.08.2024 | 16:03
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында июль жана август айларында аркандалып турган малдарды уурдап кетишкен. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Кылмышка шектелип, Өзгөн районунун 42 жана 33 жаштагы тургундары кармалды.
Алар уурдалган малдарды башка аймактын базарына алып барып сатып жиберген.
Учурда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уурдалган малдарды ээлерине кайтаруу жана шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом