Эгемендик майрамында Ала-Тоо аянтына 80 миңден ашык адам келди

Эгемендик майрамында Ала-Тоо аянтына 80 миңден ашык адам келди

Эгемендүүлүк күнүн жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын Ала-Тоо аянтында 80 миңден ашуун адам белгилешти. Бул тууралуу 1-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаадагы массалык майрамдык иш-чараларда коопсуздукту 5 миңдей милиция кызматкери камсыздады.

Борбор калаадагы майрамдык иш-чара түнкү саат 02.00дө аяктап, кылмыштуу окуялар катталган жок.

Иш-чаранын жүрүшүндө 501 бала жоголуп, бардык балдар милиция кызматкерлери тарабынан ата-энелерине аман-эсен өткөрүлүп берилди.

Коомдук тартипти бузгандарга чара көрүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>