Мамлекеттик өнүктүрүү банкы MEGA’ны бөлүп төлөө менен сатып алган

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы MEGA’ны бөлүп төлөө менен сатып алган

Эсеп палатасынын кеңеши 2023-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча аудиттин жыйынтыгын бекитти. Анда Мамлекеттик өнүктүрүү банкы “Альфа Телекомду” бөлүп төлөө менен сатып алганы жазылган.

“Альфа Телекомду” сатууну бийлик бир нече жылдан бери талкуулап келген. Натыйжада 2023-жылдын 11-октябрында MEGA компаниясынын 100% мамлекеттик үлүшү Мамлекеттик өнүктүрүү банкына 14 млрд 800 млн сомго сатылган.

Бирок, Эсеп палатасынын отчетуна ылайык, 2023-жылы Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жогоруда аталган акциялар пакети бөлүп төлөө менен сатылгандыктан бюджетке 9,8 млрд сом түшпөй калган. Мындан тышкары, бийлик 1 млрд сом өлчөмүндөгү 7% комиссиялык төлөмдү жокко чыгарган.

Алсак, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2023-жылы “Альфа Телекомду” сатып алуу үчүн бюджетке 4 млрд сом гана төлөгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>