Бишкектеги мектепте окуучулар арасында массалык мушташ болду (видео)

Бишкектеги мектепте окуучулар арасында массалык мушташ болду (видео)

Бишкектеги №46 мектепте окуучулар арасында массалык мушташ болду. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, мушташ 17-сентябрда болгон. Болжол менен саат 13:47де милицияга №46 мектепте топтошкон окуучулар мушташып жатканы тууралуу кабарланган.

Жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Ошондой эле жеринде өспүрүмдөр менен иштеген инспектор болгон. Алар аныктагандай, чоң класстын окуучулары кайым айтыштан улам мушташып кеткен.

Мушташка байланыштуу ага катышкан балдар ата-энелери менен милицияга жеткирилген. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кээ бир окуучулар каттоого тургузулган. Милиция билдиргендей, аталган окуя боюнча аларга эч ким арыз жазган эмес.

Милиция жогорудагыдай окуяларга жол бербөө үчүн окуу жылынын башталышы менен мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>