АКШнын Иранга басып кириши. Эксперт глобалдык терроризмдин жаңы доорун божомолдоодоБишкекте жоогазындар фестивалы өтүп жататШКУ Ирандын лидерине аза күтүү белгиси катары желегин түшүрдүОрмуз кысыгынын жабылуу коркунучунан улам Brent маркасындагы мунайдын баасы 10%га өстүӨкмөттө Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо маселеси талкууландыЖогорку Кеңештин ишин эми ЖИ-алып баруучулар чагылдыра баштайт
Новопавловка мусулман-христиан көрүстөнүнө сөөк коюу токтотулду
29.09.2024 | 17:51
Эртең, 30-сентябрдан тарта Бишкек шаарындагы «Ата Журт» жана «Тынчтык» конуштарынын ортосунда жайгашкан Новопавловка мусулман-христиан көрүстөнүндө маркумдарды жерге берүү, жана көмүү иштери токтотулат.
Чечим Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун корутундуларынын негизинде сөөк коюлган жерди санитардык жана экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынган.
Белгилей кетсек, маркумдардын сөөгүн коюу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы шаардык көрүстөндө жүргүзүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар