Жогорку Кеңештин ишин эми ЖИ-алып баруучулар чагылдыра баштайтБАЭ аймактагы абалдын курчушуна байланыштуу фондулук биржаларын жабууда«Хезболла» Израилге чабуул жасады. Израилдин жооп иретиндеги соккуларынан Ливанда 31 адам каза болдуЖогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун жана шайлоочулардын каттарын кароого көзөмөлдү күчөтөтКызыл-Кыядагы базарда уурулук кылып жүрүүгө шектелген жаран кармалдыИИМ: Жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү жаран изделүүдө
Кыргызстандын жаштар курамасы Азия кубогуна өттү
30.09.2024 | 09:20
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-20) Азия кубогуна жолдомо алды.
Азия кубогунун тандоо туруна 45 курама катышып, алар 10 тайпага бөлүнүп ойноду. Кыргызстандын курамасы Мьянма, Түркмөнстан жана Япония менен I тайпасына жайгашты. Жобого ылайык өз тайпасында биринчи орунду ээлеген командалар жана экинчи орунду ээлеген 5 мыкты курама Азия кубогуна жолдомо алмак.
Кыргызстандын оюнчулары Мьянма менен Түркмөнстанды жеңип, Япония менен тең чыгып, 7 упайга ээ болду. Натыйжада экинчи орунду алган мыкты команданын катарында Азия кубогуна өттү.