7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Бир нече мамлекеттик ишкана “Газпром Кыргызстанга” 670 млн сом карыз
01.10.2024 | 16:20
Бир нече мамлекеттик ишкана “Газпром Кыргызстан” компаниясына 670 млн сомго жакын акча карыз. Бул тууралуу компаниянын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.
Алдаяровдин айтымында, анын ичинен “Бишкекжылуулукэнерго” 180 млн, Бишкек ЖЭБи 330 млн сом, “Токмок жылуулук” 70 млн сом жана “Кыргызжылуулукэнерго” 70 млн сом карыз.
“Мен март айынан бери “коллектор” болуп эле жүрөм. Өзүмдүн акчамды сурап жаткандай эле ар бир мекемеге, акимге, мэрге кирип суранып жүрөм”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом