7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү 900 миң тоннага жетет деп пландалууда
01.10.2024 | 16:57
Быйыл Кыргызстанда өлкө аймагында тигилген кант кызылчадан 900 миң тонна түшүм алуу пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандын Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында 3 миңге жакын дыйкан кант кызылчасын өстүрөт. Быйыл ал 13,5 миң гектар жерге тигилген. Эсептөөлөр боюнча, ар бир гектардан 666,6 центнерден, 13,5 миң гектардан 900 миң тонна түшүм жыйналат. Андан 110 миң тонна кумшекер өндүрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жылына 120 миң тонна кумшекер керектелет. Былтыр өлкөдө 620 миң тоннадай кант кызылчасы чогултулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом