Ош шаарындагы жаңы базардын курулушу 70 пайызга аяктады

Ош шаарындагы жаңы базардын курулушу 70 пайызга аяктады

Ош шаарындагы муниципалдык базардын курулушу 70% аяктап калды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы бир катар объектилер менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Маалым болгондой, жаңыдан курулуп жаткан муниципалдык базардын аймагы 7 гектар болуп, жалпы 2500 орунга ылайыкташтырылган.

Андан соң Акылбек Жапаров Ош шаарынын борбордук стадионунда жасалган иштер менен таанышты. МинКаб башчысына Ош шаарынын борбордук А.Сүйүмбаев атындагы стадиондун отургучтарынын үстүн жабуу иштери аяктаганы, стадиондун кире беришине таман таштар төшөлүп, жарыктандыруусу жана чуркоо аянтчасы, гибриддик футбол талаасы эл аралык талаптарга ылайык келтирилгени туурасында айтып беришти.

Андан ары МинКаб башчысы Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн мониторинг жүргүзүү борборунун иши менен таанышты. Белгилей кетсек, Ош шаарында 16-сентябрдан “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып алып, айып пул салына баштаган. Шаар аймыганда жалпы 60 жерге коопсуздук камералары орнотулган.

Акылбек Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдарга ишти дыкат аткарууну тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: курулуш Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>