Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Даректер
06.10.2024 | 17:08
Эртең, 7-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.
Мэриядан билдиришкендей, “Белинский” суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 7-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин М.Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар