Бивол Бетербиевге жеңилип, чемпиондук курун алдырып ийди

Бивол Бетербиевге жеңилип, чемпиондук курун алдырып ийди

Мушкер Дмитрий Бивол жарым оор салмактагы «Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону» наамы үчүн беттеште орусиялык Артур Бетербиевге жеңилип калды.

Эр-Рияддагы беттеш 114-114, 115-113, 116-112 эсебинде калыстардын чечими менен аяктады.

Бетербиев Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC), Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) жана Дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) версиясы боюнча титулдарга ээ. Бул беттештен кийин ал Биволго таандык болгон Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы (WBA) боюнча дүйнөнүн супер чемпиондук курун алды.

Учурда бокс дүйнөсүндө эки абсолюттук чемпион бар. Бул наамды Бетербиевден тышкары Наоя Иноуэ ээлейт.

Дмитрий Бивол профессионалдык карьерасында биринчи жеңилүү ызасын тартты. Азыр анын 24 беттешинде 23 жеңиш жана бир жеңилүү бар. Ал эми Бетербиев 21 беттеште 21 жолу жеңишке жеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>