Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов мурдагы президент Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласы Адил Тойгонбаевди Кыргызстанга алып келип, жоопко тартуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн коррупцияга каршы күрөшүү багытында кызматташуусу, анын ичинде аталган кылмыш боюнча айыпталган адамдарды өткөрүп берүү тууралуу макулдашуу каралып жаткан. Бул макулдашуу боюнча башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева баяндама жасады.
Депутат Атажанов Адил Тойгонбаев убагында Кыргызстандын жарандыгын алганын, коррупциялык иштерге аралашканын, бирок өлкөдөн качып кеткенин сөз кылды. Ал аталган макулдашуунун негизинде Тойгонбаевди Кыргызстанга алып келип, жоопко тартуу маселесин көтөрдү.
Коңкубаева Тойгонбаев тууралуу толук маалымат топтоп, депутатка жооп берерин билдирди.
Адил Тойгонбаев – Казакстандын жараны. Ал мурда Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын күйөөсу болгон. Тойгонбаев 2017-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 20 жылга эркиндигинен ажыратылып, «Манас» аэропортуна 677 млн 291 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Ага өкүм сыртынан чыгарылган.