Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды
Кыргызстанда бир жумада 152 мас айдоочу кармалды
21.10.2024 | 11:37
Кыргызстанда бир жумада 152 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14нөн 20-октябрга чейин өлкөдө 18 миң 366 жол эреже бузуу аныкталып, 1 миң 835 унаа айып короого коюлган.
Жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок унаа айдагандар – 466;
- Мас абалында унаа башкаргандар – 152;
- Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 322;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 миң 930;
- Автоээнбаштык – 18;
- Ылдамдыкты ашырып айдагандар – 3 856;
- Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 5;
- Башка жол эрежелерин бузуулар – 10 миң 553.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом