Кыргызстан Россияда жана Казакстанда логистикалык борборлорду түзөтӨкмөт башчы Ысык-Көлдө курулуп жаткан эки күн электр станциясы менен тааныштыКазакстандык банк Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү пландаштыруудаАтайын кызматтарга жана армияга айымдардын көз карашы: Кыргызстанда тарыхый прецедент түзүлдүПрезидент «Корея — Кыргызстан» агрокластеринин параметрлерин жаңыладыБишкектин Дэн-Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине жабылат
Балбан Раззак Бейшекеев дүйнө чемпиону болду
23.10.2024 | 09:00
Кыргызстандын грек-рим балбаны Раззак Бейшекеев жаштар арасында дүйнө чемпиону болду.
23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы дүйнө биринчилиги Албанияда өтүүдө. Ал 21-октябрда башталган, 27-октябрда жыйынтыкталат.
Раззак Бейшекеев 67 кг салмакта күч сынашты. Ал таймашты 1/16 финалдан баштап, катары менен 4 атаандашын утуп, финалга өткөн.
Ал эми алтын үчүн беттеште грузиялык Диего Чхиквадзе менен кез келди. Раззаков грузиялык балбанды 6:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болду.