Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Мамлекеттик мейманкаларда кумаркана ачууга уруксат берилди
30.10.2024 | 11:56
Жогорку Кеңеш мамлекеттик жана муниципалдык мейманканаларда кумаркана ачууга уруксат берди. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 30-октябрда дароо үч окууда кабыл алынды.
Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык же мамлекеттин үлүшү бар мейманканаларда кумаркана ачууга тыюу салынган. Мындан улам өкмөт ал норманы алып салуу үчүн бул мыйзам долбоорун иштеп чыккан.
Аталган мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Мыйзамга ылайык, кумарканаларды рестораны бар мейманкаларда гана ачууга болот. Ресторанда кеминде 100 орун, ал эми мейманканада 20 номер болушу шарт. Мектеп, бала бакча, окуу жай, турак үйлөрдө кумаркана ачууга тыюу салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом