«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Укук коргоо органдары журналисттердин жеке маалыматтарын чогултууда
04.11.2024 | 12:38
Өздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган белгисиз адамдар “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери тууралуу маалымат чогултушкан. Бул тууралуу аталган басылма билдирди.
Басылма жазгандай, “УКМКнын кызматкерибиз” деп тааныштырган белгисиз адамдар “ПолитКлиника” медиасынын жооптуу редактору Ырысбү Кылычбек кызынын жакын туугандарына жана журналист Адахан Аманатовдун мектебине барып, жеке маалыматтарын сураштырышкан.
Редакция келген адамдардын өздүгүн аныктоо мүмкүн болболгонун, аталган факт боюнча расмий органдардан маалымат алууга аракет кыларын белгилеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом