Бишкекте тайбокс боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 10-11-ноябрда борбор калаадагы «Газпром» спорт комплексинде өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Спортчулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Эркектер: 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 81, 86, 91, +91 кг;
Кыз-келиндер: 48, 52, 56, 60, 65 кг.
Чемпионат Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын тайбокс федерациясы тарабынан уюштурулат.