Бакыт Төрөбаев «Тулпар Моторс» авто заводуна бардыЫсык-Көлдө Токтогул ГЭСинен да кубаттуу күн электр станциясы курулууда8-декабрь: Өлкө боюнча жаан жана кар жаайтЗергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти
Садыр Жапаров Сауд Арабияга иш сапары менен барат
09.11.2024 | 13:30
Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Сауд Арабияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Сапарынын алкагында Жапаров Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитине катышат.
“Анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпы Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда. Саммиттин алкагында президент Садыр Жапаровдун сөз сүйлөөсү, ошондой эле Сауд тарап менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылууда”, – деди Азымбакиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом