Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов жазында жана күзүндө тумоолоп ооругандардын саны аз болушу үчүн жарандарды кучакташып, кол алышып, өбүшүп учурашуудан алыс болууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-ноябрда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдириди.
Кокулов 2020-жылдагы коронавирус пандемиясында эң аз жоготуу Корея менен Японияда болгонун, себеби алар бири-бири менен беттен өөп же кол алышып учурашпай турганын айтты.
«Ошол себептен инфекция тарагын эмес. Бизде инфекция күчөп баратат. Көчөдө бири-бириңер менен өөп, кол алышып, кучакташып учурашасыңар. Күз менен жазда №3 балдар ооруканасы менен Жалдагы оорукана толуп калат. Дарыгерлер алардын баарын карап жетише албайт. Муну мен 2-3 жылдан бери кайталап келе жатам, элим.
№3 балдар ооруканасы менен Жалдагы оорукананын реанимациясына барсам, КРВИ жана ушундай инфекцияларды жуктурган балдар жатат. Токтоткула да. Салт экен. Бирок ал азыркы заманга туура келбей жатпайбы!» , — дейт ал.
Депутат учурашуу үчүн сөзсүз эле кучакташуунун же өбүшүүнүн кереги жок деген пикирде.