Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Чүйдө кичинекей кызды экскаватор сүзүп кетип каза болду. Айдоочу кармалды
17.04.2026 | 11:36

Чүй облусунун Сосновка айылында кичинекей кыз каза тапкан жол кырсыгы болуп, айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Кырсыктуу окуя 14-апрель күнү болгон. 39 жаштагы айдоочу «Hyundai Robex 140W» экскаватору менен Колесникова көчөсүндө бара жатып, жол жээгинде турган 2021-жылы туулган А.С.ны сүзүп кеткен. Кырсыктын натыйжасында кыз окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар