Быйыл 10 айда Кыргызстандан чет жакка 28 миң 533,8 тонна сүт азыктары экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Өткөн жылдын 10 айына караганда экспорт 4 миң 64,1 тоннага көбөйгөн. Былтыр болсо 24 миң 469,7 тонна сүт азыгы чет жакка сатылган. Экспорттолгон азыктардын катарында сыр, курут, балмуздук, каймак, май жана башкалар бар.