Бишкектеги оюн-зоок борборунда топ киши мушташып, ок атылган (видео)
Бишкектеги “Космопарк” оюн-зоок борборунда топ киши мушташып, ок атылган. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 10-ноябрга караган түнү болгон. “102” кызматына оюн-зоок борборунда мушташ болуп, ок атылганы тууралуу кабар түшкөн.
Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, мушташка катышкан адамдар ким экенин аныктаган. Алар милицияга жеткирилген. Мушташка катышкандардын айрымдары ооруканага түшкөн.
Аталган факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Эки тарап тең милицияга арыз жазган. Иликтөө уланууда.
Милиция мушташкандарды тергөө кызматы жеткирип, кийин кайра кое бергени белгилүү. Укук коргоо органдары мушташка катышкандарга соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин айтып жатат.