Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Жол милициясы чет өлкөлүк номер менен жүргөн унаалардын ОСАГОсун текшерүүдө
13.11.2024 | 09:46
Кыргызстанда 11-ноябрдан 21-ноябрга чейин “Рулда” аталышындагы рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Рейд учурунда мас болуп унаа башкарган, жасалма мамлекеттик номер тагып алган, жарандардын уйкусун бузуп, автоээнбаштык жасаган айдоочулар кармалып, айыпка жыгылат.
Ошондой эле чет өлкөдө катталган унаалардын, ишкана-мекелерге, анын ичинде мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке таандык кызматтык унаалардын камсыздандыруу полиси (ОСАГО) текшерилип, полиси жок болгондорго 13 миң сомдон айып салынат.
https://reporter.kg/osagosu-zhoktorgo-2025-zhyldan-tarta-ajyppul-salynat/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом