Бишкекте жаран 8,7 млн сомдук маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, шектүү — 29 жаштагы жаран С.А.Д. Кармоо учурунда ал качууга аракет кылып, бирок колго түшүрүлгөн.
Шектүүнүн унаасынан «спайс» психотроптук заты табылып алынган. Анын баасы 8 млн 750 миң сомго жетет.
Кармалган жигитке 282-берене (сатуу максатында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.