Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды
Бишкекте жаран 8,7 млн сомдук маңзат менен кармалды
29.11.2024 | 18:00
Бишкекте жаран 8,7 млн сомдук маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, шектүү – 29 жаштагы жаран С.А.Д. Кармоо учурунда ал качууга аракет кылып, бирок колго түшүрүлгөн.
Шектүүнүн унаасынан “спайс” психотроптук заты табылып алынган. Анын баасы 8 млн 750 миң сомго жетет.
Кармалган жигитке 282-берене (сатуу максатында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом