Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды
Ысык-Көлдөгү чокуга «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деген ат берилет
24.12.2024 | 10:21
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети Ысык-Көлдөгү аты жок тоо чокусун «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деп атоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Ал чоку Ак-Суу районунда Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан. Анын бийиктиги 5576 метрге жетет.
Бул мыйзам долбоору президенттин жарлыгынын негизинде жана Кыргызстан менен БУУнун өз ара алакасын арттыруу үчүн иштелип чыккан.
Документте айтылгандай, Кыргызстан БУУга 1992-жылы 2-мартта кирген. БУУ эл аралык абройлуу уюм болуп саналат. Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом