Бишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алыштыБакыт Төрөбаев «Агрокуш» канаттуулар комплексин кеңейтүү пландары менен тааныштыЦумдун жанында, мурунку фонтандын ордуна курулуп жаткан объект буздурулууда23-февраль: Өлкөдө күн ачык болот
Кыргыз-өзбек-тажик өкмөт башчылары чек ара боюнча макулдашууну талкуулайт
07.01.2025 | 17:26
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода үч тараптуу жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу 8-январда үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде болот.
“Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин президенттеринин буга чейин жетишилген мамлекеттик чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом