11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалдыКубанын сууларында америкалык катер менен жээк күзөтүнүн ортосунда атышуу болдуОшто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөтТуризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилететБорбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдаштыКытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар
Кыргызстанда орточо айлык 36,5 миң сомду түздү
15.01.2025 | 10:35
Кыргызстанда 2024-жылдын январь-ноябрь айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 36,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 12,4%га өскөн.
“Айлык акынын эң көп өсүшү дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоцикл оңдоо, курулуш, кыймылсыз мүлк менен операциялар, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк, ошондой эле тоо-кен казып алуу тармагында катталган”, – деди Кудайбергенов.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом