Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Бишкекте жаран чогуу жашаган аялды өлтүрүп, бир күндөн кийин милицияга кабар берген
20.01.2025 | 15:25
Бишкекте эркек киши чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 19-январда болжол менен саат 20:28де “102” кызматына бир жаран (И.) чалып, 18-январда чогуу жашаган аял менен уруша кетип, аны өлтүргөнү тууралуу билдирген.
Жерине ыкчам-тергөө тобу барганда, аталган факт чын болуп чыккан. Маркум аял менен эркек киши бир жашаган, бирок расмий никеси болгон эмес.
Шектүү катары 50 жаштагы жаран (С.И.) кармалган. Ага “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.