Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
Синтетикалык тор саткандарга 28 миң сомго чейин айып салынат
22.01.2025 | 10:00
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдө синтетикалык торлорду жана балык кармоо үчүн электр шаймандарын алып кирүүгө, чыгарууга, сатууга жана пайдаланууга тыюу салынганын эскертет.
Министрликтин кызматкерлери мыйзамдын сакталышын текшерүү үчүн “Дордой” базарында жана башка соода түйүндөрүндө рейд уюштурган. Балык уулоочу шаймандарды саткан жерлерде синтетикалык торлор табылган эмес. Сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Мыйзамды бузгандар жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып каралган.
Былтыр инспектор-экологдор браконьерлерден, көлдөрдөн 33 миң метрден ашык синтетикалык тор тартып алынып, 2 млн сомго жакын айып салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом