КР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
Бишкекте чет элдик жарандын батирин тоногон шектүүлөр кармалды
25.01.2025 | 17:22
Бишкек шаарында чет элдик жарандын батирине кирип, каракчылык кылууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Свердлов районунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 23-январга караган түнү болгон. Шектүүлөр арыз ээсинин Абдырахманов көчөсүндөгү батирине киришкен. Шектүүлөр ага карата физикалык күч колдонуп, анын 35 миң сомун, уюлдук телефондорун алып, андан сырткары 14 миң сом акча которушкан.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан 2002-жылы туулган Б.Д., 2001-жылы туулган А.Н., 1997-жылы туулган М.К. кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар