Ноокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилдиToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгардыКыргызстан балык тоюттарын импорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салуудаКР парламентинде автобус айдоочуларын майыптар арабасындагы адамдардын жанынан токтобой өтүп кетпөөгө чакырышты
Бишкекте чет элдик жарандын батирин тоногон шектүүлөр кармалды
25.01.2025 | 17:22
Бишкек шаарында чет элдик жарандын батирине кирип, каракчылык кылууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Свердлов районунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 23-январга караган түнү болгон. Шектүүлөр арыз ээсинин Абдырахманов көчөсүндөгү батирине киришкен. Шектүүлөр ага карата физикалык күч колдонуп, анын 35 миң сомун, уюлдук телефондорун алып, андан сырткары 14 миң сом акча которушкан.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан 2002-жылы туулган Б.Д., 2001-жылы туулган А.Н., 1997-жылы туулган М.К. кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар