7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Айтматов көчөсүндө кыйылып жаткан теректердин ордуна клендор тигилет
27.01.2025 | 18:06
Бишкектин Ч.Айтматов көчөсүндө кыйылып жаткан теректердин ордуна клендор тигилет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, Ч.Айтматов көчөсүн бойлой өскөн теректердин тигилгенине 50 жылдан ашып, эскирген.
“Бул эски бак-дарактар чирип, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө коркунуч жаратып баштады. Бул аймакка клен көчөттөрү отургузулуп, жашыл зоналар жакшыртылып, веложол курулат”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин мэрия Ч.Айтматов көчөсүндө жолдун эки четинде тигилген 1400дей терек кайтарганын, алар кыйылып, ордуна жаңысы отургузуларын кабарлаган.
https://reporter.kg/bishkek-chyngyz-ajtmatov-kochosynyn-boyundagy-1400-terek-kyjylat-video/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом