Бүгүн, 10-февралдан тарта социалдык тармактарда, ЖМКларда кимдир бирөөнү мазактаган, сөккөн же жалаа жапкан адамдарга жаза караштырган мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков УТРКга билдирди.
Анын айтымында, бирөөнү мазактаган же каралаган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып каралган. Айып пул мамлекеттин эсебине төлөнөт. Ошондой эле соцтармактарда бирөөгө жалган-жалаа жаап, мазактап же сөгүп жазган гана адам эмес, аны бөлүшкөн адам да жазага тартылат.
Сыдыков билдиргендей, бул мыйзам өлкөдөгү сөз эркиндигине таасир тийгизбейт. Ал адамдын ар-намысын коргоого багытталган.
Эскерте кетсек, аталган мыйзам былтыр 19-декбарда кабыл алынып, быйыл 31-январда президент тарабынан кол коюлган.
Буга чейин мыйзамга каршы болгон депутаттар, активисттер ал кайсы бир чиновниктин сөз эркиндигин кысуу, сын айткандардын оозун жабуу үчүн курал болуп калышы мүмкүн экенин, катардагы жарандар үчүн жазылбаганын айтып чыгышкан.