Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Пуэрто-Рикодо Кыргызстандын эки жараны кармалды
10.02.2025 | 15:18
Пуэрто-Рикодо Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалыматы боюнча, эки кыргызстандык АКШнын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Пуэрто-Риконун жээгинен иммиграциялык мыйзамдарды бузууга шектелип кармалган. Алар Флорида штатындагы убактылуу кармоочу борборго камакка алынган.
Министрлик Кыргызстандын элчилиги кармалган эки жарандын маселеси боюнча иштеп жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин ММКлар Пуэрто-Рикодо АКШнын мамлекеттик органы тарабынан 100 чет элдик кармалганы, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары бар экенин жазып, алар депортация болору айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом