Минералдык жер семирткичтерди экспортоого убактылуу тыюу салынды

06.03.2025 | 16:02

Министрлер кабинети минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБдин аймагынан тышкары чыгарууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тыюу салуу 3-марттан тарта 6 ай бою күчүндө болот.

Бул чечим төмөнкү учурларга колдонулбайт:

  • Импорттолгон минералдык жер семирткичтердин сапаты талаптарга жооп бербеген учурда аларды кайра артка кайтарууда.
  • Министрлер кабинетинин чечими менен берилүүчү эл аралык транзиттик жана гуманитардык жардамдарга.

 

Scroll to Top