Унаанын айнектерин караңгылаткысы келгендер үчүн акция өткөрүү сунушталууда

Унаанын айнектерин караңгылаткысы келгендер үчүн акция өткөрүү сунушталууда

Унаанын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алуу боюнча 60 күндүк акция өткөрүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик даярдады.

Агенттик белгилегендей, учурда унаанын каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алуу жарандар үчүн 50 миң, юридикалык жактар үчүн 70 миң жана резиденттер эмес үчүн 90 миң сомду түзөт. Уруксат алуунун баасы мурдагыдан азайтылганы менен унаанын айнектерин караңгылатууну каалагандардын саны көбөйбөй эле.

Мындан улам аталган агенттик эки айлык акция өткөрүп, унаанын айнектерин караңгылатууга уруксатты эки жылга сатып алгандарга үчүнчү жылын акысыз кылууну сунуштоодо. Башкача айтканда, уруксатты эки жылга сатып алып, караңгылатылган айнек менен үч жыл жүргөнгө шарт түзүлөт.

Бул чечим унаа ээлерине уруксаттарды мыйзамдуу алууга түрткү берери, республикалык бюджетке кошумча киреше түшүүсүнө мүмкүндүк берери айтылды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>