Кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча баш жерге көчүрүлө турган болгон Баткен районундагы Достук айылынын эли үчүн турак жайлардын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Белгилүү болгондой, айыл эли көчүп бара турган Чет-Булак жерлигинде жалпы 179 үй курулат. Салына турган ар бир үй үчүн 10 сотыхтан жер бөлүнгөн.
«Ар бир үй үч бөлмөлүү болуп, жашоо үчүн бардык шарты түзүлөт. Курулушту күз айларына чейин бүткөрүү пландалууда», — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышкан.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишими боюнча Баткен районундагы Достук айылы коңшу мамлекетке бериле турган болууда. Анын ордуна Тажикстан Кыргызстанга башка жер берүүдө. Мындын улам Достуктун эли Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүлө турган болгон.