Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылды
Жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташыган айдоочуларга айып салынды
16.03.2025 | 09:07
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 15-мартта “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайынан Бишкек — Ош багыты боюнча каттаган оор жүк ташуучу маршруттук унааларды текшерүүгө алышты.
Текшерүү учурунда оор жүк ташуучу маршруттук унаалар мыйзамсыз жабдууларды орнотуп, кошумча орундуктарды жана тапчандарды орнотуу менен жүргүнчүлөрдү жаткырып ташып жүргөндөрү аныкталган.
Жыйынтыгында эки саат ичинде мыйзамсыз жабдууларды орноткондугу жана жүргүнчүлөдү мыйзамсыз ташыгандыгы үчүн 7 оор жүктөрдү ташуучу маршруттук унаа айып короо жайына токтотулуп, 41 500 сомго айып салынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар