Улан Ниязбеков: Мыйзам алдында бардыгы ээлеген кызмат ордуна жана атайын наамына карабастан бирдей жоопкерчиликке тартылатКыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болдуКеминде эркек кишини сабап өлтүрүп кетишти — шектүүлөр кармалды. ВидеоБишкекте унаа ЧЧКга түшүп кетти — айдоочу эмне болду?Садыр Жапаровдун референдум жөнүндөгү долбоору Жогорку Кеңешке киргизилдиБишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү талкууланды
УКМК: “Араван райондук автобекети” мамлекетке кайтарылды
18.03.2025 | 09:48
Ош облусунун Араван айылындагы “Араван райондук автобекети” 33 сотых жери менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
КР УКМК Араван айылынын Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 0,33 га болгон борбордук “Араван автовокзалын” мамлекеттин балансына кайтарды.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2000-жылдары автобекет 29 жеке ишкерге мыйзамсыз берилгени аныкталган. Алар “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамын бузуу менен бекеттин аймагында соода жайларын уюштуруп, стратегиялык объектини толук реконструкциялашкан.
“Текшерүү иштеринин жүрүшүндө менчик ээлери объектини өз ыктыяры менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар