Кыргызстанда 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилетБишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылдыОшто Орусиядан мыйзамсыз алып келинген, баасы 1 млн сомдук алтын буюмдар аныкталды«Old Bishkek» долбоорунун жаңы өтмөгүндө шыптан суу түшүүдө: сууну чакаларга чогултуп жатышатБишкек–Нарын–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылдыИИМ жол эрежесин бузгандардын билимин текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алды
Көлбаев менен байланышта болгон деген шек менен экс-мэр кармалды
20.03.2025 | 11:45
Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, криминалдык чөйрөдө “Потап” лакап аты менен белгилүү болгон экс-мэр С.Т.К. Камчы Көлбаев менен жакын мамиледе болгон. 2017-жылы ал Көлбаевдин Чолпон-Ата шаарындагы бизнес долбоорлорун жүргүзүү үчүн мэр болуп шайланганы аныкталган.
УКМК мындан тышкары экс-мэр криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкерлерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча каражаттарын алганын билдирди.
Ал соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар