Көргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө128 метр чучук: Бишкекте 2018-жылкы рекорд жаңыландыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүФранция Бишкектеги метро жана трамвайдын ТЭОсун иштеп чыгууну колдоого даярДрондор, айып упайлары жана жаңы чектөөлөр — ИИМ эмнелерди сунуштоодо?Кыргызстандын ар бир тургунуна чекене соодадан 159 миң сомдон туура келген
Көлбаев менен байланышта болгон деген шек менен экс-мэр кармалды
20.03.2025 | 11:45
Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, криминалдык чөйрөдө “Потап” лакап аты менен белгилүү болгон экс-мэр С.Т.К. Камчы Көлбаев менен жакын мамиледе болгон. 2017-жылы ал Көлбаевдин Чолпон-Ата шаарындагы бизнес долбоорлорун жүргүзүү үчүн мэр болуп шайланганы аныкталган.
УКМК мындан тышкары экс-мэр криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкерлерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча каражаттарын алганын билдирди.
Ал соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар