КР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
Бир нече мамлекеттик мүлк аукционго коюлду
25.03.2025 | 12:55
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик бир катар объектилерди электрондук аукционго койду. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында жарыяланды.
Аукционго төмөнкү мүлктөр коюлган:
- Ош шаарындагы “Аманат Резиденс” турак жай комплекси.
- Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы №6 коттедж (Талисман Виллидж).
- Чолпон-Ата шаарындагы “Барашек” жана “Народный” соода комплекстери.
- Бишкектин четиндеги Орок айылындагы айыл чарба багытындагы 4 жер тилке.
- Чүй облусунун Беловодск айылындагы жалпы аянты 1000 чарчы метр жер тилкеси.
Аталган мүлктөр министрлер кабинетине таандык.
Электрондук аукциондун шарттары жана сатыла турган мүлктөр тууралуу толук маалымат агенттиктин расмий сайтында жазылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом