Жалпы кубаттуулугу – 15,6 МВт: Сокулук районунда эки чакан ГЭС ишке кирдиЖКда курулуш жана шаар куруу боюнча мыйзам долбоору четке кагылдыБишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлеринин кеңешмеси өтүүдө2026-жылдын январында Кыргызстан Казакстандан сатканына караганда дээрлик үч эсе көп товар сатып алдыКыргызстандын эл аралык резервдери эки айда 1,5 млрд долларга азайдыЖыл башынан бери өлкөдө негизги капиталга инвестициялар 77 млрд сомдон ашты
Ат-Башыда болгон катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти
27.03.2025 | 14:26
Бүгүн, 27-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунда ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал болуп, турак үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, катуу шамал Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, чарбалык курулуштардын жана сарайлардын, ошондой эле Терек-Суу айылында 2 турак үйдүн чатырларын учуруп кеткен.
ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар