МСК объекттердин видеокамераларына кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча түшүндүрмө бердиБыйыл Талас шаарында 40 чакырым ички жолдор оңдолот жана курулат21-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катышты
Кара-Суу районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер кайтарылды
04.04.2025 | 10:44
Ош облусунун Кара-Суу районунда мыйзамсыз жеке менчикке берилген жер тилке кийин курулган имараты менен кошо мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2004-жылы аталган райондук администрациясынын айрым кызмат адамдары администрациянын аймагында жайгашкан жер тилкени жеке менчикке чыгарууга көмөк көрсөткөнү белгилүү болгон. Жеке менчикке өткөндөн кийин аталган жерге эки кабаттуу коомдук тамактануучу имарат курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келген.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, жогоруда аталган жер тилке курулган имараттар менен бирге мамлекетке кайтарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар