Абдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылдыКыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатӨзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярданууда
Кара-Суудагы вино-арак өндүрүш заводу мамлекетке кайтарылды
07.04.2025 | 10:09
Ош облусунун Кара-Суу районундагы вино-арак өндүрүш заводу 5 гектар 91 сотых жер тилкеси менен бирге мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, Ош облустук прокуратурасы аталган завод жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткенин аныктаган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, баасы 276 млн сомдук өндүрүштүк завод жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар