АКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөт
Садыр Жапаров Жер кодексин артка кайтарды
07.04.2025 | 10:48
Президент Жер кодексин каршы пикири менен артка кайтарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов 6-апрелде өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды.
Анын айтымында, өлкө башчы “бул чечимин Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис экендиги менен түшүндүргөн”.
“Эгерде огород же турак жай турган жер мамлекеттик максатка зарыл болсо, анда анын ордуна компенсация төлөнүп, же башка жерден тийиштүү жер тилкеси сунушталышы керектиги белгиленди. Бул Кыргызстандын Конституциясында каралган”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Жер кодекси тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясын ушул жылдын 13-февралында кабыл алган. Бул чечим коомчулукта бир топ нааразычылыкты жараткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом