Дамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйтКыргызстандын тигүү ишканалары төрт банк аркылуу жеңилдетилген насыяларды ала алышат
«Тай жөнөтөйүн, чай-пайга 40 миң сом». Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды
11.04.2025 | 11:25
Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 10-апрелде Ленин РИИБдин башчысына Ленин РИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысынан маалымат түшкөн. Анда зордуктоо фактысы боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жаран сүйлөшүүнүн жүрүшүндө пара сунуштаган.
Кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган жаран 40 миң сом пара берип жаткан учурда кармалган. Ошондой эле ал кызматкерге 1 тай берип жиберүүнү сунуштаган.
Учурда шектүү кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар